Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Страсбург шаарында өткөн Европа парламентинин тегерек столуна катышты
2025-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Франциянын Страсбург шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган делегациянын курамында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Европа парламенти тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты.
Иш-чарага Европа парламентинин депутаттары, Европа институттарынын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун, алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли катышты.
Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк маселелери талкууланды жана Кыргызстанда жаңы  кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча кененирээк маалыматтар берилди. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Юсупов Европа институттарынын өкүлдөрү менен диндер аралык диалогду чыңдоо, диний сабырдуулукту бекемдөө, ошондой эле диний  радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери тууралуу өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, маданий жана конфессиялар аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Архив
  • апрель 2025
    дшшшшрбшжмишжш
    31123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    2829301234
    567891011