Дин комиссиясы жаңы мыйзам боюнча Чүй облусунда түшүндүрүү иш-чараларын улантууда
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Чүй облусу боюнча өкүлү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2025-жылдын 1-февралынан күчүнө кирген “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча иш-чара уюштурду.
Жыйында ДИМКнын Чүй облусу боюнча өкүлү Омурзак уулу Замир  “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу толук маалыматтарды берип, ушул багыт боюнча катышуучулардан берилген суроолорго жоопторду узатып, диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана диний билим берүү системасын жакшыртуу керектигине токтолду.
 Иш-чарада  Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы, жергиликтүү кеңеш, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жана айыл өкмөттөрдүн социалдык маселелер боюнча адистери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Чүй облусунун казысы, райондун башкы имам-хатиби, ошондой эле айыл аймактын имамдары катышышты.
Архив