Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Баткен шаарында жайгашкан №2022 жана №2053 чек ара аскер бөлүктөрүндө ооз ачуу уюштурушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов үй-бүлөө жана Мекенди сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоо, ар бир жаран мындан ары да мамлекеттин тынчтыгын, коопсуздугун бекемдөөгө милдеттүү экендигине токтолуп, Орозо айында баарына ынтымак, тынчтыкты каалап өттү.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен районунун акими, Баткен шаарынын мэри, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, КМДБнын кызматкерлери жана чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлер катышышты.