Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Ирандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушту

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу жана диний экстремизмге каршы туруу боюнча диний чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Голамхоссейн Ядегари өлкөлөр ортосундагы тарыхый-маданий жана соода-экономикалык байланыштарды белгилеп, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Азамат Юсупов Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын негизги жоболоруна токтолуп, дин тутуу эркиндиги камсыздандырылгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү маселелеринде эл аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтып, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында чет өлкөлүк өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн зарыл экендигине токтолду.

Архив