2025-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйындар залында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу кызматкерлерге маалыматтык тааныштыруу иш- чарасы уюштурулду.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана жалпы кызматкерлер катышып, аталган Жарлыктын негизги мазмуну жана аны ишке ашыруу механизмдери боюнча презентация жасалды.
Уңгужолдогу улуттук аң-сезимди жогорулатуу, руханий жана материалдык баалуулуктарды тең салмактуу өнүктүрүү, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарды глобалдык өзгөрүүлөргө шайкеш коргоо сыяктуу бир катар маанилүү багыттары талкууланды.
Жыйындын соңунда катышуучулар “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги принциптерин диний чөйрөдө ишке ашыруу боюнча тиешелүү аракеттерди көрүү маанилүү экенин белгилешти.