Бүгүн, 12-мартта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунда 2025-жылдын 1-февралынан күчүнө кирген "Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана “Дин туттуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына, мектеп мугалимдерине жана дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Иш-чарада Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзам боюнча презентациялык материалдар көрсөтүлүп, мыйзамдын өзгөчөлүктөрүнө жана чектөөлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилип, мыйзамдын талаптарын кынтыксыз аткаруу боюнча эскертүүлөр айтылды.