Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү тарабынан облустук казыяттын, шаардык хатибияттын кызматкерлерине жана Каракол шаар аймагынын имамдарына Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы кабыл алынган Мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Аталган иш-чарага Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы жана облустун казысы катышышты.
Жогоруда белгиленген иш-чара облус аймагындагы райондордогу жергиликтүү мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын, укук коргоо органдарынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө жана имамдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүү пландалууда.