Жаңы мыйзамдын тегерегиндеги жолугушуулар

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү тарабынан облустук жана райондук укук коргоо, билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 190 өкүлүнө, ошондой эле Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун 200 имам-хатибине, мындан сырткары 33 диний окуу жайдын директорлоруна карата Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаны кабыл алынган Мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралар уюштурулду.

Жогоруда белгиленген иш-чаралар облус аймагындагы жогоркуу окуу жайлар, диний окуу жайлардын студенттер арасында, ошондой эле орто мектептердин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, жаштар арасындагы диндин баалуулуктарын туура пайдалануу, радиклизмдин, экстремизмдин алдын алуу багытында талкуулар, маектешүүлөр өттү.


Архив