Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Нарын облусунда Диний чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы кабыл алынган “Дин туттуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына, билим берүү тармактарына, ошондой эле диний уюмдардын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин уюштурууда.
Иш-чаранын катышуучуларына Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзам боюнча презентациялык материалдар даярдалып, мыйзамдын өзгөчөлүктөрү боюнча маалыматтык-профилактикалык баяндамалар жүргүзүлдү.