"Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча диний чөйрөдөгү лидер айымдар үчүн семинар өткөрүлдү

Бүгүн,  21-февралда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы АПКБ “Мутакалим” менен биргеликте “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана эрте никеге туруу, көп аял алуу жана аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук - зомбулук маселелери боюнча консультациялык колдоо тууралуу диний чөйрөдөгү аялдарга жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарада Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдын өзгөчөлүктөрү жана айрым терминдер боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп, презентациялык материалдар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер талкууланып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү алдын-алуу боюнча маалыматтар берилди.

Архив