Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясынын аймагындагы мектеп директорлору жана мугалимдерине Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жана Свердлов райондук хатибияты тарабынан радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Катышуучуларга интернет айдыңы аркылуу азгырган туура эмес диний чакырыктар, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, динде аша чабуунун кесепети жана терс көрүнүштөрдүн болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучуларына жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамынын талаптары жана эрежелери тууралуу маалыматтар берилди.