Бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад шаарында дин кызматкерлерине “Аалымдар ынтымактын, биримдиктин башат” аталышында иш-чара уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсуповдун катышуусунда өтүүдө.
Иш-чара элибизге динди жеткирүү менен бирге, адеп ахлактын, тарбиянын жогоруу болуусуна, бир максатка биригип, элибизди ынтымак жана биримдикке чакырып, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө, улуттар арасындагы достук мамилени чыңдоого, ошондой эле диний чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңы кабыл алынган “Дин туттуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын калк арасында түшүндүрүү иштерине багытталган.
“Мамлекетте, коомдо, үй-бүлөдө жана ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык тартуулаган Ислам тынчтыктын дини жөнүндө сөз кылуубуз учурдун талабы экени талашсыз.
Албетте Кыргыз Республикасы светтик (башкарууга дин аралашпаган) мамлекет, бирок ошол эле учурда жарандардын дин тутуу эркиндигин толук камсыздаган, элибиздин басымдуу бөлүгү тутунган Ислам дини менен эриш-аркак өмүр сүрүп, жайылуусуна колдоо көрсөткөн мамлекет. Ар бир мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына таянып, келечек жолун эске алып, мамлекет тарабынан диний чөйрөнү тескөө саясатын аныктайт.
Ата-бабаларыбыз карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга карама-каршы келбейт. Бул байыркы кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына да туура келген. Анткени биздин ата-бабаларыбыз ислам элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына төп келгени үчүн да исламды дин катары кабыл алышкан”,- деп баса белгиледи КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов.
Иш-чарага КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков жана дин кызматкерлери катышышты.