Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын баардык топтору үчүн жалпы квалификациялык талаптар
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө”, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;
дүйнөлүк диндердин негиздери;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, чет тилдерди (билгени абзел).
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн):
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
- багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга артыкчылык берилет).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы Жарлыгы: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
- билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2025-жылдын 3-февралынан 19-февралына чейин дүйшөмбүдөн жума иш күндөрү саат 9:00 дон 18:00 го чейин Бишкек ш. Ч.Айтматов проспекти, 1 ст 2, 2-кабат, 204 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону:0700 399339.
Эскертүү:
-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.