Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2025-жылдын 1-февралынан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө киргендигине байланыштуу, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын диний уюмдар маалымат базасын-Реестрин жаңыртуу иш-чаралы өткөрүлөөрүн билдирет. Ушундан улам 2025-жылдын 27-январынан тартып диний уюмдарды каттоого арыз берүү мүмкүнчүлүгү убактылуу токтотулгандыгын билдирет.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара жол-жоболорду Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.