Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) башчысы Абдулазиз Закиров Сауд Арабиянын Жидда шаарында 2025-жылга каралган ажылык иштерин уюштуруу боюнча эки тараптуу келишимди ишке ашыруу максатында иш сапарында жүрүшөт.
Иш сапардын алкагында КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов, КМДБнын башчысы Абдулазиз Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, ажылык сапарын уюштуруу маселелери талкууланды.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлуп, Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү.