Медреселерде билим берүү процессине мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун кызматкерлери медресенин окуучуларына жана кызматкерлерине «Медреседеги билим берүү процессинин мыйзам талаптарына шайкештигине мониторинг жүргүзүү» аталышында изилдөөнүн жыйынтыктарын тааныштырышты.

Бул изилдөө Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2022–2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын алкагында, атап айтканда, окуу-методикалык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоо максатында диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү аркылуу диний жана дин таануу билим берүү системасын өркүндөтүү пунктуна ылайык жүргүзүлдү. 

Изилдөөнүн жыйынтыктары медреселердеги билим берүү процессинин учурдагы абалын баалоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний билим берүү системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аймактардагы өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларына диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат темасында лекцияларды өткөрүштү. 

Архив
  • январь 2025
    дшшшшрбшжмишжш
    303112345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    272829303112
    3456789