Маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар пландуу негизде уюштурулууда

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Ош облусунун 7 районунда атайын эл менен жолугушуу уюштурулду. 

Иш-чараларда Дин комиссиясынын, КР Президентин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып,  диний жана улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо, ыксыз чыгымдарга жол бербөө, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун кесепеттери, динде аша чабуунун зыяны, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу методдору, көрүстөндөгү тосмолорду иретке келтирүү боюнча укуктук жана усулдук маалыматтар берилди. 

Архив