Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана сабырдуулук Кыргызстандын тургундарынын басымдуу бөлүгү өз аймактарында дин тутуу эркиндиги камсыздалганын белгилешти. «Сиздин оюңузча, сиз жашаган аймакта тургундар канчалык деңгээлде өз ишенимдерине жараша эркин дин тутунууда?» деген суроого жарандардын 66.6%ы «абдан эркин», 23.7% «негизинен эркин», 3.7% «толук эркин эмес», «таптакыр эркин эмес» деп жооп беришсе, 4.6% жооп берүүдөн кыйналган. Бул республиканын аймагындагы дин тутуу эркиндигинин жалпы жогорку деңгээлин көрсөтөт.
Ошондой эле, «Жарандар ар бир адамдын динди тутуу же эч бир динди тутпоо көз караштарын кармануу укугун сыйлашы керек» деген суроого жарандардын 79,5%ы «толугу менен кошулам» (58.5%) жана «негизинен макулмун» (21%) деп жооп кайтарышкан. Бул дин тутуу жаатындагы сабырдуулуктун жана өз ара сый мамилелердин деңгээлин чагылдырат.Ал эми 10.5% «негизинен макул эмесмин», 7.2% «толугу менен макул эмесмин» дешсе, 2.8% жооп берүүдөн кыйналган.
Бул изилдөө 2022-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.
Мониторингдин максаты - социалдык-экономикалык жана саясий абалга диний фактордун таасиринин динамикасын талдоого, ошондой эле калктын диний ишеним деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды алуу.
Сурамжылоонун үлгүсү көп баскычтуу аймактык тандоо ыкмасынын негизинде жана квота ыкмасын колдонуу менен түзүлгөн, бул калктын негизги көрсөткүчтөрү боюнча – жынысы, жашы, улуту боюнча өкүлчүлүктү камсыз кылат.
Жалпысынан 18 жана андан улуу жаштагы 1546 адам сурамжылоого алынган. Бул үлгү өлчөмү натыйжаларды тактык менен («+» «–» 4%) жана өлкөнүн деңгээлинде 97 ишеним деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Республиканын ар бир регионунда суралган респонденттердин саны тигил же бул аймакта жашаган тургундардын пайызына туура келет.
Сурамжылоо 50 ашык суроону камтыган.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору диний кырдаалга мониторинг жүргүзүүчү, ошондой эле изилдөө жана аналитикалык иш-чараларды алып барган орган болуп саналат.