Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, аксакалдар кеңешине жана дин кызматкерлерине “ Мамлекет жана дин” аталышында тегерек стол уюштурду.