Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жана радикализмдин алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун орто мектептеринин 9-11-класстарынын окуучуларына жана алардын ата-энелерине профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара КР ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жети-Өгүз райондук бөлүмү жана райондук мамлекеттик администрациясы, РИИБ, райондук билим берүү жана райондук баш имам хатиби тарабынан уюштурулду.