Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлеринин арасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты ата-бабалардын көз карандысыздыкка жетүүгө жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө кошкон салымын эскерип, урмат көрсөтүүгө багытталган.
Анын алкагында «Ата-бабалардын мурасы жана биздин жоопкерчилик» темасында доклад окулуп, Кыргызстан тарыхы, белгилүү инсандар жана мамлекеттик ишмерлер боюнча викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөргө символикалык белектер тапшырылды.