Бүгүн, 1 ноябрда, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Эл аралык Кызыл Крест комитетинин миссиясынын башчысы Ангелика Шопп айым менен жолугушту.
Жолугушууда эл аралык гуманитардык укук боюнча маселелер талкууланып, кызматташуунун негизги багыттары каралды жана дин чөйрөсүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Соңунда тараптар актуалдуу маселелерди чечүүдө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, дин чөйрөсүндөгү жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттерге даяр экендиктерин билдиришти.