Дин комиссиясынын өкүлдөрү Малайзиянын эл аралык Ислам университетинин делегациясы менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Ш. Шерматов жана Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары М. Аноркулов Малайзиянын эл аралык Ислам университетинин делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулап, Малайзия тарап диний, светтик билим берүү жаатында тажрыйба жана методикалар менен алмашууга, диний кызматкерлерди даярдоого, ошондой эле билим берүү ишмердүүлүгү боюнча биргеликте иш алып барууга даярдыгын белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.




Архив