Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен «Светтик принципти жана социалдык туруктуулукту бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлор» темасында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыздоо, светтик принципти бекемдөө, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын катышуучулары диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү талкуулап, өлкөдөгү туруктуулук жана тынчтыкты камсыздоо максатында биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгын белгилешти.
Соңунда эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү коомдогу светтик негиздерди жана диндер аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгууга жана мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.