Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана мамлекеттүүлүктү калыптандырган салттуу баалуулуктар

Бүгүн, 10-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган "Мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары, идеологиялары жана азыркы учур" аталышында эл аралык илимий-теориялык конференция болуп өттү.  

Иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү, ДИМКнын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Ш.Ж. Шерматов "Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана мамлекеттүүлүктү калыптандырган салттуу баалуулуктар" деген темада баяндама жасады. Баяндамасында Кыргызстандын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Ишеналы Арабаевдин Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө жана  билим берүү системасына кошкон салымы, ошондой эле жадид усулу тууралуу сөз кылынды.

Архив