Мамлекеттик диний саясатты жайылтууда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар жүрүүдө
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн атайын түшүндүрүү иштери  уюштурулууда. 
Иш-чараларда Дин комиссиясынын, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалып,  мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуу эркиндиги: укуктар жана милдеттер, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, динде аша чабуунун кесепети, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, жаштардын кылмыштуу аракеттерге аралашуусуна жол бербөө тууралуу маселелер талкууланып, укуктук жана усулдук маалыматтар берилди. 
Мындай иш-чаралар Ош облусундагы жана Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүндө, муниципалдык кызматкерлерге, ЖОЖдор арасында, коллеждерде жана диний окуу жайларда  уюштурулууда.
Архив