Ош облусундагы диний окуу жайлардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы, Ош ОИИБ жана Ош облустук казыяты тарабынан Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө чукул жыйын өткөрүлүп, анда Ноокат районундагы медреседе болгон каргашалуу окуяга байланыштуу ДОЖдордо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарынын аткарылуусун камсыздоо, ички тартиптерин көзөмөлдөөнү күчөтүү,  коопсуздук боюнча тиешелүү чараларды көрүү боюнча бир канча тапшырмалар берилди: 


- КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү тайпалык журналдардын колдонулушун көзөмөлдөө;

-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана КМДБнын уставтарына ылайык иш-аракеттерди жүргүзүү; 

- ДОЖдордун ички-сырткы тазалыгын камсыз кылуу;

- ДОЖдорго видео байкоочу камераларды орнотуу;

- Окуу сапатын арттыруу;

-Диний окуу жайларда ички тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо.


Жыйынга келген облус аймагындагы ислам институттарынын, медреселердин жана диний окуу борборлордун мүдүрлөрүнө диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик менен мамиле кылуу, мыйзамдын чегинде иш алып баруу, студенттердин тиешелүү документтерин толуктоо жана сабактан сырткаркы убактарында көзөмөлдү күчөтүү боюнча түшүндүрүлдү. 


Ошондой эле, жогоруда берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюнча жакынкы күндөрдө облус аймагындагы жалпы диний окуу жайлар үчүн атайын мониторинг жүргүзүлөт.

Архив