Жалал-Абад шаарындагы диний окуу жайлардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарындагы 8 диний окуу жайдын окуучуларынын арасында интеллектуалдык билимин жогорулатуу боюнча атайын таймаш уюштурулду.

Иш-чара диндеги белгилүү инсандардын өмүр таржымалы, Кыргызстан тарыхы жана логикага байланыштуу суроо-жооптор менен коштолуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.

Таймаш жаштар арасында светтик, коомдук жана диний багыттагы көз караштардын айкалышуусу, мекенге болгон сүйүүнү күчөтүү жана ынтымакты бекемдөөгө багытталган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлчүлү, Жалал-Абад облустук казыяты, шаардык хатибияты жана демөөрчүлөр катышты.

Архив