Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат
Жалал-Абад шаарында мекеме, ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын» аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү.
Анда динди жөнгө салууда мыйзамдардын иштелип чыгуусу, конфессиялардын өз ара кызматташуусу, чет өлкөдө диний таалим алгандар, диний объекттерди иреттөө, адам укуктары, эрте нике куруунун жана радикализмдин-экстремизмдин алдын алууда маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө багытталган. Катышуучулар менен  иш-мерчемди биргеликте жүргүзүү жана башка маселелер тууралуу талкуулар жүрдү.
КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан баяндамалар жасалды.
Иш-чарага укук коргоо, соцкоргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктар, архитектура, мамкаттоо, мечит-медресе өкүлдөрү катышышты.




Архив