Кыргызстандагы дин таануу жана диний билим берүүнүн тажрыйбасы
Бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын» Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын негизинде «Кыргызстандагы дин таануу жана диний билим берүүнүн тажрыйбасы» аталышында тегерек стол өткөрүүдө. 
Иш-чара дүйнөдөгү жаңы түрдүү “диний-идеологиялык”, радикалдык жана экстремисттик чакырыктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларындагы (теологиялык, дин таануу), диний окуу жайлардагы (медресе) билим берүүнүн абалын, көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого багытталган. 
Ошондой эле Кыргызстандагы диний билим берүү чөйрөсүнүн маселелери боюнча маалыматка ээ болуунун  деңгээлин арттыруу менен биргеликте Концепциянын диний жана дин таануу билим берүү чөйрөсүндөгү катышуучуларына тиешелүү болгон пунктарды аткарууга тартуу.
Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын, академиялык коомчулуктун (жогорку окуу жайлардагы теология жана дин таануу факультеттери/кафедралары), кесиптик билим берүү мекемелеринин, диний чөйрөнүн жана диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышууда.


Архив