Дин комиссиясы ЖМК өкүлдөрүнүн арасында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты биргеликте ишке ашыруу боюнча викторина өткөрдү

Бишкекте бүгүн, 24-сентябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ыкчам жана туура жайылтууда медиа тармактын орду өзгөчө рол жаратууда маанилүү экендигине багытталган медиа өкүлдөрүнүн арасында сынак уюштурду. 

“Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жана өлкөдө диний кырдаалды туура алып барууда мыйзамдар алардын негизин түзгөндүктөн, диний чөйрөдөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жана маанилүү  багыттар боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу маселеси актуалдуу ролду ээлейт. 

Ушундан улам, бүгүнкү күндөгү жарандарыбыздын динге болгон талаптары күн сайын күчөп бараткандыгын эске алуу менен диний чөйрөдөгү саясатты да бүгүнкү замандын талабына жараша жүргүзүү зарыл эмеспи.

Ошондуктан өлкөбүздүн туруктуулугун сактоодо радикализм жана экстремизм менен күрөшүүдө идеологиялык жагын эске алуу менен, телеберүү, радио уктуруу жана сайт аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу абдан маанилүү экендигин эске алуу зарыл. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты коомчулукка объективдүү жана туура маалыматтарды жайылтууда ар дайым сиздер менен тыгыз кызматташууга даярбыз!» -дейт, Кыргыз Республикасынын ДИМК директору Азамат Юсупов.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча жана  "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясындагы долбоору тууралуу  маалыматтар берилип, ЖМК өкүлдөрүнүн тыгыз кызматташуусу зарыл экендигине токтолушту. 




Архив