Мамлекеттик диний саясат боюнча аймактарда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан сунушталып жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун калкка туура маалымат жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясын” жана “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын” ишке ашыруу максатында профилактикалык жыйын болуп өттү.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору, медицина кызматкерлери, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү,    мечиттердин имамдары, жаштар коому жана   жергиликтүү тургундар катышышты. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү, Ош облусунун ички иштер башкармалыгы, прокуратурасы жана мусулмандар казыяты менен  макулдашылган иш-мерчемдин алкагында уюштурулду. 

Катышуучуларга экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган маалыматтар берилип, учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан диний чөйрөдөгү мыйзам долбоору боюнча талкуулар жүрдү. 

Архив