КР ДИМКнын директору Т. Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата кызматкерлерди сыйлады
Бүгүн, 30-августта Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда салым кошкондугу үчүн мекеменин “Кызматташтык үчүн” төш белгилери жана Ардак грамоталары менен мамлекеттик органдардын жана дин кызматкерлерин, ошондой эле өнөктөштөрдү сыйлады.
Тойгонбай Абдыкаров катышуучуларды 31-август - Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мындан ары да ар бир кызматкер диний жана конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттерди жүргүзүп, тыгыз байланышта жоопкерчиликтүү иш алып баруу жана мамлекеттин туруктуулугу үчүн салым кошуу милдеттүү экенин баса белгилеп, өлкөбүздүн желеги ар дайым желбиреп туруусун жана ар бир үй-бүлөөгө бакыт, иштерине ийгиликтерди каалады.
Архив