Чүй облусунда окутуулар уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Чуй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине, ошондой эле имамдарга жана дин кызматкерлерге 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында окутууларды уюштурду.

Иш-чара светтик мамлекеттин алкагында мамлекет менен исламдын өз ара аракеттенүүдө академиялык аянтчаларды түзүп, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу менен, диний билим берүү, саясат таануу, маданият жана тарых жаатында илимий билимди жогорулатууга багытталат.

Катышуучуларга радикализмге, экстремизмге бөгөт коюу, ошондой эле жаштар арасында дин таануу билимин жогорулатуу тууралуу жалпы диний кырдаал жана көйгөйлөр боюнча маалыматтар берилди.


Архив