Конфликттүү аймактардан кайтарылып келген репатриант аялдар менен балдарды коомчулукка реинтеграциялоо боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу

Бүгүн, 18-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана анын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору менен биргеликте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен конфликттүү аймактардан кайтарылган Кыргызстандык жарандарын коомго реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча “Сирия Араб Республикасынан жана Ирак Республикасынан келген репатриант аялдар менен балдарды жергиликтүү коомго реинтеграциялоо боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу” аталышындагы расмий жолугушуусу тиешелүү мамлекеттик кызматкерлердин, эксперттердин, негизги өнөктөштөрдүн  катышуусунда болуп өттү. 

Иш-чаранын негизги максаты катары конфликттүү аймактардан кайтарылган Кыргыз Республикасынын жарандарын реабилитациялоо жана кайра социалдаштыруу боюнча бул ишти алып барган мамлекеттик органдар менен биргеликте тиешелүү чечимдерди кабыл алуу, натыйжалуу иштешүү үчүн туура багыттоо маселелери каралып, ыраазычылык каттар берилди.

Архив