КР ДИМК ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрүн сыйлады
Бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров 2024-жылдагы ажылыкты уюштурууда КМДБнын жалпы жамаатына жана Сауд Араб Падышалыгында ажыларга талыкпай кызмат көрсөткөн штабдын мүчөлөрүнө, медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, КР ДИМКнын “Кызматташтык үчүн” төш белгилери менен сыйлады.
Мындан ары да коомдо каада-салттардын сакталышына салым кошуп, ынтымакта, биримдикте иш алып барууда исламдын жаратмандык потенциалын, руханий-адептик баалуулуктарын, патриотизмдин рухун өнүктүрүүгө чакырды.
Архив