Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча координациялык жолугушуу

Бүгүн, 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен Чүй облусунда координациялык жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушуунун максаты – 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын иш-чаралар планына тартылган мамлекеттик органдарды жана ЖӨБОну координациялоону күчөтүү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар менен Иш-чаралар планынын Чүй облусунда аткарууда пайда болгон бир катар маселелер, ошондой эле диний чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Архив