Билдирүү!!!

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки диний окуу жай (медресе) укук коргоо органдары тарабынан аныкталып, мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулгандыгы жөнүндө маалымат таралууда. Аталган мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүлүп жаткан жерге Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (мындан ары – Дин комиссиясы) өкүлү, укук коргоо органдары менен бирге барып, текшерүүнүн жыйынтыгында Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтпөгөн жана диний уюмга тиешеси жок “кайрымдуулук фонд” тарабынан жаш өспүрүмдөргө диний багыттагы жайкы лагерь уюштурулуп жаткандыгы аныкталган. 

Бул мыйзамсыз ишмердүүлүк жеринен токтотулуп, жаш өспүрүмдөр үйлөрүнө жиберилген. Аталган кайрымдуулук фондго Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесине ылайык, 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (23 000 сом)  айып пул салынып, мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулган.  

Ал эми, экинчи даректе жайкы лагерь уюштуруп жаткан диний уюм Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өткөн. Бирок, диний уюм лагерь уюштурууга болгон талаптарга жооп бербегендинен улам, бул боюнча тиешелүү акт түзүлүп, аталган диний уюмга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн билдиребиз.

Жогорудагы мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн жактар диний окуу жайлар (медресе) эместигин маалымдайбыз!

Аталган окуяларды чагылдырууда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка так эмес маалыматтарды таратуудан абайлап, алдын ала тиешелүү расмий мамлекеттик органдардан тактап алууңуздарды  өтүнөбүз. 

Архив