Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар жана диний окуу жайлардын 2023-жылга карата тапшырган отчеттору

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (мындан ары – Дин комиссиясы) эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар, фонддор жана диний окуу жайлар Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабры № 282 Мыйзамынын
 26-беренесине ылайык жана Дин комиссиясынын «Диний уюмдардын өзүлөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берүүнүн формалары жана мөөнөттөрү жөнүндөгү» 2023-жылдын 30-январындагы №60 Жобосунда көрсөтүлгөн тартипте ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетторун ар жылдын 1-мартына чейин тапшыруулары каралган.

2023-жылга карата ишмердүүлүгү боюнча Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өткөн 496 диний уюмдун (мечиттерден сырткары) ичинен  39 уюм отчет тапшырган жок. Ал эми, 207 диний окуу жайдын 42 диний окуу жайы отчетторун өз убагында тапшырган эмес.

Дин комиссиясы тарабынан отчет бербеген диний уюмдарга жана диний окуу жайларга тиешелүү жазуу жүзүндөгү өз учурунда расмий эскертүүлөр берилген. 

Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабры № 282 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Дин комиссиясы отчетун убагында тапшырбаган диний уюмдар жана диний окуу жайлардын көрсөтүлгөн укук бузуулары үч айдын ичинде жоюлбаса, Дин комиссиясы диний уюмдарды жана диний окуу жайларды жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ болоорун эскерткен. 


Архив