Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мамлекеттик органдардын, дин таануу жана теология факультеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду

Бүгүн, 22-майда  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2021-2026-жылдарга Кыргыз     Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планынын аткарылышын жана  ошондой эле диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкулоо максатында жогорку окуу жайлардын дин таануу, теология факультеттеринин (Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ош мамлекеттик университетинин Арашан гуманитардык институту, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргызстан ислам университети) жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы) кезектеги  тегерек стол уюштурду.

Иш-чарада катышуучулар тарабынан Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү бир катар маселелер, тобокелчиликтер талкууга алынды. Ошондой эле, дин таануу жана теология тармагындагы көйгөйлөр, анын ичинде диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча сунуш-пикирлер айтылды. 

Дин комиссиясы тарабынан Концепциянын алкагында кызматташкан мамлекеттик органдар менен бирге буга чейинки аткарылган иш-чаралар жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жалпы маалымат берилип, талкуулар жүрдү. 

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан диний чөйрөдөгү маселелерди координациялоо, мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу боюнча сунуштар айтылды.

Бул иш-чара квартал сайын өткөрүлүп жаткандыгын белгилейбиз.

Архив