КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Малайзиянын Дин иштери боюнча министри Мохд Наим Бин Мохтар менен жолугушту

2024-жылдын 15-16-майда Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Малайзиянын Дин иштери боюнча министри Мохд Наим бин Мохтар менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында коомдун диний сабаттуулугу, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, басмырлоого тыюу салуу, радикализмдин алдын алуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров диний чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча кеңири токтолуп, конфессиялар аралык өз ара мамилелерди жакшыртууда иш-аракеттер өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Мохд Наим бин Мохтар мырза диний чөйрөдө иш-чараны уюштуруу боюнча биргелешип иш алып барууну сунуштап, кызматташуу маселелерин жемиштүү талкуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Соңунда эки тараптуу дин чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары күчөтүү керек экендигин билдиришти.

Архив