Эки тараптуу меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Баку шаарына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Азербайжан Республикасынын Диний уюмдар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты- дин чөйрөсүндө кызматташууну бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга умтулуу менен эки элдин тарыхый калыптанып калган мамлекеттер аралык достук мамилесин чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, өнөктөштүк Тараптардын достук мамилелерин колдоого өбөлгө түзүү. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров жана Азербайжан Республикасынын Диний уюмдар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Рамин Мамедов документтерге кол коюшту.

Архив