Бишкекте “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу. Себептери жана чечүү жолдору” аттуу Биринчи эл аралык симпозиум өткөрүлөт

2015-жылдын 16-17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан “Экстремизм жана такфиризмдин коомго келтирген коркунучу. Себептери жана чечүү жолдору ” аттуу Биринчи эл аралык симпозиум өткөрүлөт.

Симпозиумдун биринчи күнүндө төмөнкү темалар боюнча панелдик отурумдардын өтүүсү күтүлүүдө:1.”Ахли-сунна вал-жамаа жана Ханафийликтин такфиризмге каршылыгы”2.”Экстремизм жана такфиризмдин мусулмандарга келтирген коркунучу”3.”Ислам дининдеги кечиримдүүлүк жана мээримдүүлүктүн методологиялык негиздери”4.”Экстремизм жана такфиризмге каршы күрөшүүнүн ыкмалары”

Симпозиумга Кыргызстандын жана 18 чет өлкөнүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Азирети Муфтийлери, илимий жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрү, диний жана коомдук ишмерлери, аалымдары, исламдык окуу жайлардын жетекчилери жана окутуучулары катышышат.

Симпозиумдун ишинин жыйынтыгында материалдардын жыйнагынын басылып чыгарылуусу, ошондой эле катышуучулардын докладдарынын электрондук жарыялануусу пландаштырылууда.

Архив