Ош шаарында Конфессиялар аралык кеңештин спорттук иш-чарасы уюштурулду

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы», «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар», «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү», «Улуттук нарк» Жарлыктарын аткаруу алкагында жана Орозо айт майрамына карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош облусутук мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, Конфессиялар аралык кеңештин спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

 Спорттук иш-чарага мамлекеттик мекемелерден, диний уюмдардан, журналистер жана ишкерлерден түзүлгөн командалар катышты. 

Иш-чаранын негизги максаты мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кайрымдуулук, гуманитардык, тынчтыкты камсыздоо, социалдык маселелерди чечүү боюнча тыгыз кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улантууга багытталган. 

Эске салсак: 2022-жылы Ош шаары жана Ош облусу боюнча Конфессиялар аралык кеңеш КР ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо,  мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда иштиктүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн. 

Архив