КР ДИМКнын директору Т. Абдыкаров жаңы муфтий А. Закиров менен жолугушту

Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жаңы муфтийи Абдулазиз Закиров менен жолугушту. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу, диний чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөр, коомдогу туруктуулук, диний лидерлердин сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана дүйнөбий мамлекет принциптери, конфессиялар аралык толлеранттулук,   диний баалуулуктар жана сабырдуулук боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири-бирине ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты өнүктүрүүгө ийгиликтерди каалашты.

Архив