Билдирүү!

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдардын жетекчилерине
«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2023-жылдын 30-январындагы №60 «Диний уюмдардын өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчет тапшыруунун формалары жана мөөнөттөрү жөнүндө» Жобосуна ылайык, диний уюмдардын 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу отчетторун 2024-жылдын 1-мартына чейин тапшыруусу керектигин билдиребиз.
Отчеттор Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтынын http://religion.gov.kg/ky «Диний уюмдар үчүн эскертме» бөлүмү аркылуу берүү керектигин белгилейбиз.
Бардык суроолор боюнча тел.: 0312 900 589 ,0702 11 69 09, 0772 80 80 89.
Архив