Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май муниципалдык администрациясы менен бирге координациялык жыйын өткөрдү

2024-жылдын 25-январында 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын эффективдүү аткаруу максатында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана диний уюмдардын өкүлдөрүнө координациялык жыйын өткөрүлдү. Күн тартибинде Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал, анын ичиндеги Биринчи май районундагы көйгөйлөр талкууланып, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2024-жылга карата диний чөйрөнү жөнгө салуу максатында жалпы   приоритеттүү төмөндөгү багыттар сунушталган: 

  1. диний уюмдардын, анын ичинде диний окуу жайлардын ишин жөнгө салуу;
  2. диний жана дин таануу билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
  3. диний негизде келип чыккан чыр-чатактардын, басмырлоонун, ысырапкорчулуктун, эрте никенин, радикализмдин, экстремизмдин жана зомбулуктун баардык түрүн  алдын алууга багытталган агартуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү.
  4. мамлекет жана диндер аралык карым-катнашты чыңдоо жана потенциалын жогорулатуу.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан сунушталган демилге колдоого ээ болуп, Биринчи май районуна тиешелүү ар бир мамлекеттик орган жана диний уюмдардын өкүлдөрү өздөрүнүн аймагында көрсөтүлгөн багыттар боюнча натыйжалуу иш алып баруу максатында өз компетенцияларына ылайык көмөк көрсөтөөрүн билдиришип, макулдашылды.

Архив