Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө буйругу

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы
№ 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз
 алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө»  токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:


1Тиркелген «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын                  10-февралындагы  № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.

2. Укуктук камсыздоо жана диний уюмдарды каттоо бөлүмүнө:

- бул буйрук «Эркин – Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде
 бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;

- аталган буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин.

3. Кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү сектору:

- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К. Мидин уулуна жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Директор                                                                    Т.Ж. Абдыкаров

Архив