КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Египетте иш сапарында

Египетке болгон иш сапарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов ал -Азхар эл аралык университетинин башкы жетекчиси Шайхул-Азхар, Азхару Шарифтин шайхы, дин аалымы, профессор, доктор Ахмад Тоййиб менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле Египет Араб Республикасынын президентинин кеңешчиси, белгилүү дин аалымы Усама аль-Азхарий менен да жолукту. 

Иш сапардын алкагында атайын ал-Азхар университетинде окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар уюштурулуп, КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстандагы дин эркиндигине токтолуп, бөтөн жерде мекенибиздин күзгүсү болгон жаштарга терс жолдорго барбай, өз маданиятыбызды, каада-салтыбызды сактоого жана салттуу ханафий мазхабын бекем карманууга, экстремисттик көз караштардан алыс болууга чакырды.

Архив