Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү

2023-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы "Кыргызстан – конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" аталышындагы V эл аралык конференциясын  өткөрүүдө. 

Конференциянын максаты диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого, коомдогу туруктуулукту сактоого, мамлекеттик жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.

Бул эл аралык конференция Кыргызстанда мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин жана дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн келген белгилүү эксперттердин катышуусунда өткөрүлүп келе жаткан дин чөйрөсүндөгү эл аралык диалогдун маанилүү уландысы болуп саналат.

Конференцияга Россия, Европа, АКШ, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана араб мамлекеттеринен радикализмдин алдын алуу, дин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Архив